Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов каза болду

Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов каза болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов узакка созулган оорудан каза болгон.

Чыңгыз Адамкулов 45 жашта болгон.

Эмгек жолун ал 1996-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1997-1998-жылдары Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешинин катчысы болуп иштеген. Кийин 1998-жылы кайрадан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп дайындалган.

2005-жылдын май айында Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу болуп дайындалган.

Президенттин 2007-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кызматына дайындалган.

Президенттин 2015-жылдын 14-августундагы Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан