Супер фактылар: Дүйнө жүзүндө эң кымбат гүл алтын орхидея экенин уктуңуз беле? Гүлдөр тууралуу кызыктар

8-март майрамында айымдарды жыпар жыттуу, кооз гүлдөрсүз элестетип болбойт. Бүгүн сиздерге гүлдөр дүйнөсү тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук.

1. Дүйнөдөгү эң кичинекей гүл - вольфия, анын диаметри 1 миллиметр. Ал эми планетадагы эң чоң гүл раффлезия арнольда болуп эсептелет. Диаметри 91 сантиметр болсо, салмагы орточо эсеп менен 11 килограммды түзөт.
2. Гүлдөрдүн репродуктивдүү органдары муздап, шүүдүрүмдөн жабыркап калбашы үчүн түнкүсүн жабылат.
3. Коңгуроо гүлдөрү ичиндеги нектарды жамгырдан коргоо үчүн дайыма ылдый карашат.
4. Австралияда розентелла орхидеясы жер үстүндө эмес, жер астында гүлдөйт. Аны аарылар эмес, коңуздар чаңдаштырат.
5. Планетадагы эң көп жашаган роза 1000 жылдан бери Германиянын Хильдешхайм шаарчасынын кооздугун арттырат. Эч нерсеге карабастан гүл жыл сайын гүлдөп турат.
6. Ит мурунда роза гүлүндөй 5 гана желекчеси бар, ал эми жасалма жол менен өстүрүлгөн сорттордо алардын саны 128ге жетет.
7. Жасмин гүлү - зайтун дарагынын түрүнө кирет, бирок сыртынан алар таптакыр окшошпойт.
8. Окумуштуулар гүлдөр адамдарга кандай мамиле кылганына жараша мамиле кыларын далилдешти.
9. Дүйнөдөгү эң кымбат гүлдү болжол менен 5 миң долларга сатып алса болот. Бул алтын орхидея гүлү Малайзиянын тоолорунда өсүп, 15 жылдан соң биринчи гүлүн ачат.

10. Жер жүзүндө эң бийик гүл Индонезиянын сыймыгы - аморфофалл титаник болуп эсептелет. Ал жерден 3 метрдей бийиктикте көтөрүлөт. Салмагы 50 килограммга жакын, сабынын калыңдыгы 5 метрге чейин жетет.
11. Жер бетинде болжол менен 258 650 гүлдүү өсүмдүк бар.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан