Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык жүрүшү өттү (фото)

Бишкек шаарында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык жүрүшү өттү.

Уюштуруучу Алтын Капалованын айтымында, быйыл марштын темасы бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештиги болду.

Анда катышуучулар "Аялдар тынчтык үчүн", "Тынчтык керек", "Согуш токтосун" деген ураандарды айтып жатышты.

Жүрүш "Россия" кинотеатрынан башталып, Уркия Салиеванын эстелигинин алдына чейин уланды.

Мындан тышкары, жүрүшкө чыккандардын айтымында, аялдардын укугун коргоо жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жүрүштүн максаты болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан