Президент Садыр Жапаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы телефондук сүйлөшүүдө 85 жаш мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчы Роза Айтматованын мааракеси 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен туш келип, кош майрам болуп жатканын канааттануу менен кошумчалады.
Садыр Жапаров Роза Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи.
Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен белгиледи.
Мамлекет башчысы кийинки муундардын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанып-билүүсү үчүн бул эскерүүлөр зор мааниге ээ экенин айтты.
Садыр Жапаров Роза Айтматовага бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалады.
Мамлекет башчынын атынан маараке жана майрамга карата белектер берилди.