SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолку кызыктуу баянды аскердик чөйрөдө мырзалар менен тең ата иштеген айым кызматкерлер айтып беришет.
Мен Гүлсара Абилова, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 10-мекемесинин режим жана көзөмөл бөлүмүнүн көзөмөлдөөчүсү жана улук прапорщиги болом. Бул кызматка 2007-жылдын 23-октябрында келип, Ош шаарындагы 25-мекемесине кабыл алынгам. Андан соң 9 жыл улук көзөмөлдөөчү кызматында болдум. 2016-жылы шектүү деп кармалган аялдар жана өспүрүмдөрдү Ош шаарынан Жалал-Абад шаарына которуп, ал ортодо 53-мекемеде 3 жыл сапайчы кызматында иштедим. Ал эми 2019-жылдын май айынан тарта 10-мекемеде жолугушуу бөлмөсүндө кызмат өтөп жаткан учурум.

Мен жаңыдан ишке кирген жылы эле. Иштегениме болгону 4-5 айдын гана жүзү болгон. Эмгек тажрыйбам да аз болчу. Жаңы жылга карата кызмат өтөп жаткандарды куттуктап, грамоталар тапшырылат деп калды. Жамаат баарыбыз чогулушта отурганбыз. Күтүүсүздөн шаардык мэрия тарабынан мага да сыйлык берилет деп калышты. Баары “Ата мекенге кызмат кылам!” деп сыйлыкты алып жатышса, мен чыгып алып “Ата-энеме кызмат кылам” дегеним эсимде. Жалпы жамаат менен катар мэриядан келген өкүл дагы, биздин жетекчилик да тура калып кол чабышып, “Туура, туура, биринчи ата-энеге, андан кийин ата мекенге кызмат кылат” деп айткандары такыр эсимден кетпейт. Азыркы күнгө чейин “Гүлсара ата-энесине кызмат кылат, анан ата мекенге кызмат кылат” деп тамашалап айтып келишет. Бул менин иш кызматымдагы күлкүлүү окуялардан десем болот. А чындыгында, кыйын күндөр көп эле болгон. Биздин жумуш көзгө көрүнбөгөнү менен татаал жумуш.
Ал эми кийинки каарманым Роза Акылбекова кызматындагы ары кейиштүү, ары кызыктуу окуяларын баяндап берди. Учурда департаменттин 7412 аскер бөлүгүндө медайым болуп иштеп жаткан кези. 1 кыз, 1 уулдун апасы.
1998-жылы мындай окуя болгон... Аскерлер ооруп жатам деп кайрылышкан. “Ии, чын эле ооруп жатышса керек” деп алардын дене табын текшерип, бирок эч кандай белгилер байкалбаганын айткам. “Эже, биз сизди жумушуңузду канчалык билет экен деп жөн гана сынаганы келгенбиз” деп тамашага салып кетишкени такыр эсимден кетпейт.

Маектешим эсинде калган дагы бир окуяны мындай деп эскерди.
Биздин мекемеде эки эгиз бала кызмат өтөчү. Экөөнүн дене табын текшерсем, биринин дене табы көтөрүлүп калыптыр. “Сен отуруп тур, мен дарыларыңды жазып бере калайын” дегем. Ал ортодо эгиздер орун алмашып отуруп алышыптыр. Кайра башынан текшерсем, дене табы бир калыпта. Такыр түшүнө албай турдум. Көрсө, эгиздер орундарын алмашып, мени күлкүгө салышыптыр. Чындыгында мындай окуялар көп эле болот.

Маектешибиз Жазгүл Атантаева 2016-жылдан тарта Каракол шаарынын №23 мекемесинин өкүм аткаруу жана атайын эсеп тобунун улук инспектору кызматын аркалап келет.
Бул кызматка жолдошумдун сунушу менен келип калгам. Жумушка орношкондо эле 18 жашынан тарта 20 жылдан ашык иштеген Гүлмира Кадырбекова деген кесипкөй эженин колуна келгем. Гүлмира эже мага кызматтык кабинеттен баштап режимдик корпуска чейин баарын көрсөтүп түшүндүргөн. Ал кезде ички кызматтын майору эле. Эжени көрүп алып, “качан мен да ушинтип погон тагынып, офицер болом” деп ойлоно берчүмүн. Көрсө, убакыт тез эле өтөт экен. Мына, бүгүн Гүлмира эженин ордун басып отурам. Мен эжени эскерип жаткандай, мени дагы эскерип эстей турган улан-кыздарга устат болсом деген максатым бар.
Кызматка киришкениме 1 аптадай эле болгон. Бишкектен Борбордук аппараттын жатак абагына канча адам котордуңар деп сурап телефон чалып калышты. Улук инспекторум суранып кетип, жумушта жок эле. А мен болсо болгон кагаздарды карап, сапырып санап жүрөм. Сот тарабынан жүздөн ашык адамды санап, Борбордук аппаратка санын бердим. Алар таң калып эле унчуккан жок. Көрсө, мекеменин сунушу менен бир эле адам которулуптур.

Бегай Дүйшеева 1978-жылы Нарын шаарында туулган. 2000-жылдын 11-апрелинен тарта Нарын шаарындагы №24 мекемесинде көзөмөлдөөчү болуп кызмат өтөй баштаган. 2002-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академияга тапшырып, 2008-жылы юриспруденция адистиги боюнча билим алган. 2015-жылдын 1-январынан 2020-жылга чейин №24 мекемесинин тарбия иштери тобунда психолог болуп эмгектенген. 2020-жылдан баштап азыркы күнгө чейин отряд башчысы-психолог, ички кызматтын капитаны болуп иштеп жаткан учуру. Бир уулдун энеси.
Биздин абакка күйөөсүн өлтүрдү деген шек менен бир аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Камакка алынган күндөн тарта абакта тынчтык болбой калган. Маселен, ал жаткан камерасынын бир бурчуна төшөнчөсүн өрттөп, эмоцияга алдырып, эч кимдин сөзүн укпай, кээде өзүнө-өзү кол салган күндөрү болгон. Бир күнү мен барсам, абактын ичи түтүнгө толуп калыптыр. Анын камерасына кире калсам, мени тамак куюлган идиши менен чапты. Чынында аябай корктум. Бирок андай учурда өзүңдү колго алышың керек. Жанына барганга аракет кылып, сөзгө тарта баштадым. Андан соң аял тынчып, өзүнө келе баштады. Бул иш кызматымдагы болгон татаал окуялардын бири гана. А чындыгында, кайсы гана учур болбосун, кыштын ызгаардуу күнү да, жайдын ысыгында да эркектер менен теңтайлашып иштегенибиз иштеген.