Бишкекте 15 жаштагы Айдаана Бактыгулова дайынсыз болуп изделет. Ал 7-мартта саат 08:15-08:30 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул туурасында коомдук коопсуздук кеңешинен кабарлашты.
Изделип жаткан Айдаана Бактыгулова үйүнөн чыккан күнү боз түстөгү пальто, ак түстөгү кофта, боз түстөгү толстовка, кара түстөгү шым кийип жүргөн. Жанында жашыл түстөгү рюкзагы болгон.
Белгилери: Бою 165 сантиметр, арык, чач жасалгасы каре.
Өзгөчө белгилери жок.
Эгерде сүрөттөгү өспүрүмдү көрүп, билгендер болсо 0554 759-759, 0755 074-720 номерлерине кабарлап коюуну жакындары суранат.