Миңден ашык баатыр энени сыйлаган Камчыбек Ташиев: "Сыйлоо салтанатын эми балдарым улантат"

Бүгүн, 8-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан баатыр энелерди сыйлоо аземи өткөрүлдү. Жалал-Абад шаарында уюштурулган майрамдык иш-чарага миңден ашык баатыр эне катышып, сыйланды.
"Урматтуу баатыр энелер, сиздерди биз ар дайым башыбызга бийик көтөрүп сыйлоого милдеттүүбүз. Дээрлик 30 жылдан бери сиздерди 8-март күнү бир аз болсо да маанайыңыздарды көтөрүп, ак батаңыздарды алууга аракет кылып келдим. Эми бул саамалыкты келээрки жылдан баштап менин уулдарым улантат. Балдарым дагы энелерди сыйлаганды, апаларга урмат-сый көрсөткөндү үйрөндү деп ойлойм. Балдарымдын балдары дагы күнү келгенде бул салтты улантып кетсин. Түбөлүктүү болуп, баатыр энелерди сыйлоо салты улансын. Ак батаңыздарды бериңиздер...", - деди Камчыбек Ташиев.
Майрамдык иш-чара дүйнөдөн көзү өткөн жалпы энелерге, баатыр энелерге куран окуу менен башталды.
Салтанатка белгилүү өнөр адамдары да катышып, апаларга ыр белектерин тартуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан