Айдоочу, абайла! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу жогорулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Алар төмөнкү участоктор:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу)

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы)

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында,

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында

Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси)

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)

Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан