Бишкек шаардык сотунун алдында активист Мирлан Ураимовду колдоо акциясы өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активисттин тарапташтары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовдун иши каралууда.
Ал эми Ураимовдун тарапташтары аны бошотуу талабы менен шаардык соттун алдында атайын акция өткөрүшүүдө.
Мирлан Ураимов “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыпталып 8-февралда УКМК тарабынан кармалган.