Бишкекте 8-мартта өткөн маршта кармалган адам коё берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8-март күнү Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык жүрүшү өткөн. Анда уюштуруучулардын бири милицияга кайрылып, жүрүштүн катышуучуларынын бири алардын тилин укпай, чагымчылык кылып жатканын айткан. Ал адамга милиция кызматкерлери барганда аларга дагы баш ийген эмес. Буга байланыштуу 1992-жылы төрөлгөн М.А. аттуу адам ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген.