Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең, 10-март саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу токтотулат. Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу токтотулууда.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.