Бишкекте бала бакчанын жетекчиси 5 жаштагы баланы уруп, денесине залал келтирди. Бул тууралуу Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын жазганына караганда, бала бакча Ала-Тоо конушунда жайгашып, аталышы жок болгон.
"Балдардын укуктарын коргоо лигасына 5 жаштагы баланын апасы кайрылды. Анын айтымына караганда, баласын менчик бала бакчанын жетекчиси (тарбиячы) башына чаап, кулагын бурап, дараатканага киргизип, жарыгын өчүрүп койгон. Баланын нерв клеткалары жабыркап, учурда баарына эле ыйлап жатат.
Бала бакчанын аталышы жок. Ала-Тоо конушунда жайгашкан. Бишкек шаардык мэриясы мыйзамсыз бала бакчаларды көзөмөлдөшү зарыл. Милицияга арыз берилди. Жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деп жазган Турдубаева.