Доллардын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүү боюнча келишимдери доллар менен жүргүзүлөт. Доллардын кымбатташы бир литр бензиндин баасынын 60 тыйынга кымбатташына алып келет" - деди Эшатов.
Ошондой эле жазгы айдап-себүү иштерине күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экенин билгиледи.
Эске салсак, акыркы эки жумада доллар 14 сомго кымбаттаган.