15-мартка чейин жамгыр жаайт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт

Өлкөдө 10-марттан 15-мартка чейин аба ырайы жаан-чачындуу болот. Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында;

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;

Мырза-Аке—Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94- чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90- чакырымдарында.

"Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп эскертет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан