Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын өтүп кеткен майрамдары менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын өтүп кеткен майрамдары менен куттуктады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

"Эң алды менен кечээ жакында эле белгиленген мамлекеттик туубуздун 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиниздер. Мыйзам чыгаруу бийлиги мындан туура отуз жыл мурун кыргыз элинин байыркы тарыхы, тарыхында мамлекеттүүлүгү болгонун, анын далили катары кызыл байрагы желбиреп келгенин дүйнө элине жеткирип, мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алып берген эле. Мына ошондуктан ошол кездеги эл өкүлдөрүнө жана алардын мураскору катары бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге депутат айымдарыбызды дагы кечээги Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз эзелтеден эле кыз кишиге өзгөчө мамиле, сый-урмат көрсөтүп келгени белгилүү. Бүгүн дагы жалпы аялзатына, анын ичинде сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болуңуздар", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан