Акыркы эки айда 140 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2 айында республика аймагында 140 708 эреже бузуу катталган.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-февраль айынан 17,3 пайызга аз, ал эми адам өмүрүн алган жол кырсыктары 15,5 пайызга, жаракат алгандардын саны -14,1 пайызга азайган.
Ошондой эле бул эки айда 2285 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатып кармалса, 8950 унаа айып короосуна токтотулган.