Президент: "Апрелден тарта социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик"

Бүгүн, 9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышты.

"Пандемиядан кийин биз эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн дагы экономикасы калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан 1-апрелден баштап бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын дагы 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат насыя алып эмгек акыны көтөрүп жатасыңар деди. Министрдин орун басары жооп бере албай жатат. Ал орун басар боюнча министрлер кабинетинин төрагасына тапшырма бердим", - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан