15-мартка чейин өлкөдөгү бардык медициналык жогорку окуу жайлар менен факультеттер текшерилип, тиешелүү жыйынтык чыгарылат. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, 26-февралдан бери болочоктогу медицина кызматкерлерин даярдаган 13 жогорку окуу жайдын жана факультеттин клиникалык базалары текшерилди.
"Алдыдагы беш күндүн ичинде дагы 7 окуу жай менен факультет текшерүүгө алынат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы дыкат иш алып барууда. Биз окуу жайлардын клиникалык базасына гана көңүл буруп жатабыз. Билим берүү сапатын Билим берүү жана илим министрлиги дагы текшермекчи", - деди Нурида Жусупбекова.
Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында канча билим берүү уюму талаптарга жооп бере турганы аныкталарын кошумчалады Нурида Жусупбекова.