Бүгүн, 9-мартта "Манас" эл аралык аэропорту курчоого алынды. Буга саат 19:35те конуу жасай турган Санкт-Петербург - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдүн билдирүүсү себеп болду. Тагыраагы, жүргүнчү колундагы сумкасында бомба бар экенин жана Украинадагы аскерий операцияларга каршы экенин билдирди деп жазышат жергиликтүү маалымат каражаттары.
Азырынча аэропорттон жана милициядан бул тууралуу маалымат берише элек.