Бүгүн, 9-мартта Санкт-Петербург - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бири бомба бар экенин айтып, мындан улам "Манас" эл аралык аэропорту курчоого алынганы кабарланган.
Аталган аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда Санкт-Петербург - Бишкек багытындагы учак конуу жасаганын, кооптонууга негиз жок экенин билдиришти.
"Учак конуп, ичиндеги жүргүнчүлөр түшүп жатышат. Жеринде тиешелүү кызматтын кызматкерлери иш алып барышууда. Ал эми аэропорт курчоого алынып, адамдар эвакуация болуп жатат деген маалымат туура эмес. Андай болгон жок", - дешти маалымат кызматынан.