"Манас" эл аралык аэропортунда Чүй ОИИББинин кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Бул туурасында облустук башкармалыктан билдиришти.
Бүгүн, 9-мартта учактагы жүргүнчүлөрдүн биринде бомба болушу мүмкүн деген билдирүү милиция кызматкерлерине түшкөн.
"Маалымат түшөрү менен милиция кызматкерлери "Манас" аэропортуна барышып, аймакты курчоого алышты. Учак конгондон кийин милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдү коопсуз алып чыгышты. Учурда жеринде атайын кызматтар иштеп жатат. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн жеринде иш алып барышууда", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, Санкт-Петербург - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бири бомба бар экенин айтып, мындан улам "Манас" эл аралык аэропорту курчоого алынганы кабарланган.
Аэропорттун маалымат кызматынан аталган учак конуу жасаганын, кооптонууга негиз жок экенин билдиришкен.