Бүгүн, 9-мартта Төө-Ашуу ашуусунда кар калың жаап, унаалардын тыгыны жаралды. Жериндеги кабарчыбыздын маалыматына караганда, жолдор тазаланган эмес.
"Жол тайгак, жолго кум дагы себилбептир. 3 күндөн бери турган жүк ташуучу унаалар дагы бар, алардын болжолдуу саны 20-25ти түзөт. Учурда кар жаап жатат", - деди ал.
Жолго чыккан айдоочуларга жанына чынжыр салып алуусун сунуштайбыз.