Президенттин маалымат кызматы өлкө башчынын сөзүн орусчага башкача которгон

Бүгүн, 9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Украинадагы кырдаал боюнча сөз сүйлөгөн. Өлкө башчы кыргыз тилинде сүйлөгөндүктөн, анын сөзүн бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары орус тилине которуп жарыялашкан.

Ошол эле учурда президенттин маалымат кызматы да өлкө башчынын сөзүн орусча которуп жарыялаган, бирок анда "согуш" жана "калыс" деген сөз башка мааниде которулган.

Төмөндө өлкө башчынын сөзү:

"Ошону менен катар бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек".

Ал эми президенттин маалымат кызматынын орусча котормосу төмөндөгүдөй:

"У нас и не хватит влияния остановить конфликт. Поэтому нам надо оставаться беспристрастными".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан