Бүгүн, 9-мартта Санкт-Петербург - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бири бомба бар экенин айтып, мындан улам "Манас" эл аралык аэропорту курчоого алынганы кабарланган. Аэропорттун маалымат кызматынан бомба тууралуу билдирүү такталбаганын кабарлашты.
"Бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. "Манас" эл аралык аэропортунун тиешелүү кызматтарынын ишинин жыйынтыгында учактан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна таасир этүүчү объекттер табылган жок. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат", - дешти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, Санкт-Петербург - Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдүн бири бомба бар экенин айтып, мындан улам "Манас" эл аралык аэропорту курчоого алынганы кабарланган.
Аэропорттун маалымат кызматынан аталган учак конуу жасаганын, кооптонууга негиз жок экенин билдиришкен.