Февраль айында өлкөгө Орусиядан 13 адамдын сөөгү алып келинди

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги 1-февралдан 28-февралга чейинки аралыкта аткарган иштери боюнча маалымат таратты. Анда бир айдын ичинде Орусиядан канча "Жүк-200" жөнөтүлгөнү айтылды.

"Каза болгон 13 Кыргыз жаранынын сөөгүн ("Жүк-200") мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөтүлгөн. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары эмгек укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында 15 Кыргыз жаранына иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөй жаткан 1 миллион 496 миң 131 рубль өлчөмүндө эмгек акысын алууга жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан