Кайра шайлоодо Свердлов округу боюнча эң көп добушту талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алган. Бирок анын топтогон добуштарын БШК жокко чыгарды.
Абдурахманхаджи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Биз БШКнын чечими менен макул эмеспиз. Мага миңдеген адамдар добуш беришти. Алардын үнүн тебелей албайсыңар", - деп жазат Муртазалиев.
Белгилей кетсек, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов округунда кайра шайлоо өткөн. Анда Свердлов округу боюнча эң көп добушту талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алган.
Бүгүн, 9-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиев добуштарды сатып алган деген жүйө менен шайлоодон четтеткен.