Бүгүн, 10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 977 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 977 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 177 метр куб, агып чыгышы 378 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 9-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 994 миллион метр кубду түзгөн.