Лейлекте милиция ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Лейлекте ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара президент Садыр Жапаровдун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анда Лейлек РИИБинин кызматкерлери менен кошо жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана имамдар дагы түшүндүрүү иштерине катышууда.

Бул ирет аталган топ Раззаков шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы эл менен жолугуп, ашыкча ысырапкерчилик элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учураткан жагдайлар боюнча талкуулар уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан