Аймактарга бөлүнүп берилди. Казакстандан өлкөгө 1000 тонна буудай үрөнү алып келинди

Бүгүн, 10-мартта Казакстандан алып келинген жаздык буудайдын 1000 тонна элиталык үрөнүн тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, үрөндөр облустарга бөлүнүп берилди.

Иш-чарага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов катышты.

Үрөндөр 2021-жылдын 2-апрелинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай айылында өткөн Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин тогузунчу жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз өлкөсүнө келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан