Bounty, Milky Way, Twix, Snickers таттууларын чыгарган компания Орусия жана Беларустагы жарнамалык ишин токтотот

Таттууларды чыгарган америкалык Mars компаниясы Орусия жана Беларусь өлкөсүндөгү жарнамалык жана инвестициялык ишин токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

"Биз Орусия менен Беларусь өлкөсүндөгү бардык жарнамаларды токтотуу чечимин кабыл алдык", - деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Mars компаниясы Bounty, Milky Way, Twix жана Snickers таттууларын чыгарат.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Буга байланыштуу аталган өлкөдөн коңшу мамлекеттерге 2 миллиондой адам чыгып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан