Орусиянын өкмөтү экспорттоого убактылуу тыюу салынган товарлардын жана жабдуулардын тизмесин аныктады. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында айтылат.
Андагы маалыматка караганда, мурда Орусияга чет өлкөдөн ташылып келген товарларды, жабдууларды башка мамлекетке алып чыгууга убактылуу тыюу салынган чечим 2022-жылдын аягына чейин күчүндө болот.
Тизмеге технологиялык, телекоммуникациялык, медициналык жабдуулар, транспорт каражаттары, айыл чарба машиналары, электр жабдуулары – бардыгы болуп 200дөн ашык аталыштагы, анын ичинде темир жол вагондору жана локомотивдери, контейнерлер, турбиналар, металл жана таш иштетүүчү машиналар, мониторлор, проекторлор, консолдор жана панелдер кирет. Бул чара орус рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл экени белгиленген.
"Бул товарларды экспорттоо Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерди, Абхазия жана Түштүк Осетияны кошпогондо, бардык чет мамлекеттерге тиешелүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Абхазия жана Түштүк Осетияга товарларды экспорттоого уруксатты Айыл чарба министрлиги, Транспорт министрлиги, Өнөр жай жана соода министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Жаратылыш ресурстары министрлиги берет дегенди билдирет.
Өкмөттүн токтому менен жыгачтын айрым түрлөрүн Орусиядан ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул чечим да жылдын аягына чейин күчүндө болот", - деп айтылат маалыматта.