Бишкек шаарында 3-8-март күндөрү хоккей боюнча 4-дивизиондогу командалар арасында Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Бул чемпиондукка Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия, Кувейт өлкөлөрүнүн курама командалары катышты. Кыргыз курама командасы алгач 13:1 эсебинде Иранды, экинчи оюнда 22:1 эсебинде Малайзияны, андан кийин 15:0 эсебинде Сингапурду, жыйынтыктоочу оюнда 14:0 эсебинде Кувейт өлкөсүн утту. Жалпы эсепте 64:2 упай топтоп Кыргыз курама командасы Дүйнө чемпиону аталды. 2-орунду Иран (22:20), 3-орунду Сингапур (14:22) ээледи. Кыргыз курама командасы 2023-жылы 3-дивизиондогу командалар арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Чемпиондуктагы жалпы бомбардирлердин тизмесинде кыргыз оюнчулары сап башынан орун алышты. Улуттук курамдын оюнчулары Владимир Носов, Владимир Тонких 9дан гол жаратса, Султан Исманов 8 гол жаратып 3-саптан орун алды. Жаш, талантуу хоккейчи Султан Исмановду кепке тарттык.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1005 санынан окуй аласыз.