Блогер Дава жардам убадалаган Айнуранын апасынын тагдыры эмне болду? Министрлик жооп берди

Өткөн жылдын аягында орус блогери Давид Манукян Кыргыз өлкөсүнөн барган Айнура аттуу мигрант кыздан интервью алган. Маек учурунда Айнура апасы абакта экенин, анын карыздарын төлөп жана үй-бүлөсүн акча менен камсыз кылуусу керектигин айтып ыйлаган.

Орус блогери Кыргыз өлкөсүнө келип кыздын карыздарын төлөп, апасын абактан чыгарууга жардам берерин айтып, Дубайга эс алууга жолдомо жана Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылган.

Көп узабай бул окуяга Юстиция министрлиги да реакция жасап, кыздын апасына юридикалык жардам берүүнү убадалаган.

Айнуранын апасын сот 4 жылга эркинен ажыратуу менен айып төлөө өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, абактагы мөөнөтү 2024-жылы бүтөт.

Бул окуя боюнча министрликке байланышып, кыздын апасынын иши эмне болгонун сурадык.

Министрлик алар бөлгөн юрист ишти кайра соттук кароого алып чыкканын, бирок сот өкүмдү күчүндө калтырганын кабарлады.

Соттолгон Г.А. аттуу аялга Юстиция министрлигине караштуу мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамды координациялоо борборунан юрист Жээнбек Ажигулов бөлүнгөн. Ал соттолгон адам менен жолугуп, иштин күңгөй-тескейи менен таанышкан.

Жаңы Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенине байланыштуу түзөтүү мекемеси тарабынан акыркы өкүмдү чыгарган Ош шаардык сотуна кайра кароо сунуштамасы жөнөтүлгөн.

2021-жылдын 24-декабрында кылмыш ишин кайрадан кароо үчүн Ош шаардык сотуна өткөрүлүп, 2022-жылдын 14-январында Ош облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралган.

Сот отурумунда жактоочу өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароону жана соттолгон Г.А.ны абактан бошотууну өтүнгөн.

Бирок сот жактоочунун жана Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын өтүнүчүн толугу менен четке каккан.

Эгер айыпталуучу айрым жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтурса иши Жогорку сотто кассациялык тартипте каралып, камактан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар”, - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан