Бишкектин Эне-Сай конушунун тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, аталган конушта №240 кичи автобус каттабай калганын, мындан улам көйгөй жаралганын айткан.
Жогорудагы маселе боюнча Бишкек мэриясына караштуу транспорт башкармалыгына байланышканыбызда конуштарды транспорт менен камсыз кылуу кыйын болуп жатканын айтышты.
"Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмү өнүктүрүү департаменти тарабынан №240 кичи автобустук каттамды тейлеген «Бек-Тоо» ЖЧКсы 2-марттан 2022-жылдан баштап Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына которулган.
Чындыгында эле кыймылдуу курамдын жетишсиздиги бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу системасындагы абал бир топ татаал. Анткени кичи автобустар жана автобустардын жетишсиздигинен улам иштеп жаткан каттамдар менен шаар четиндеги конуштарды тургай, шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт менен камсыз кылуу абдан оор абалда.
Айдоочунун санын көбөйтүү боюнча тапшырма берилди", - деп билдиришти башкармалыктан.