Тоодо кымыз ичип жаткан сүрөтү көпчүлүктү суктанткан балакай эсиңиздеби? Оштун вице-мэри аны менен жолукту (фото)

Сүрөтчү Зафер Динчердин жайлоодогу кичинекей каарманы Али Имранга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жолугуп, туулган күнүнө карата белегин берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

"Сүрөтү менен жүзүбүзгө жылмаюу тартуулаган балакай 3 жашка толуптур. Кыргыз өлкөсүнүн, анын ичинде Ош шаарынын кооз жайларын сүрөткө түшүрүп, туристтерди өзүнө тартууга салым кошкон сүрөтчүгө да Ош шаарынын бренди түшүрүлгөн эмгек тапшырылды.

Кичинекей наристеге бактылуу балалык, кең келечек каалайбыз!", - деп билдиришти Ош шаарынын мэриясынан.

2021-жылдын жай айында сүрөтчү Зафер Динчер тарткан кымыз ичип жаткан баланын сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын суктанткан. Сүрөт Ноокат районунда тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан