Түнкү ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-мартта Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш жерлигинде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Анда кыргыз тарап түнкү атышуу Эки-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфара жолунун аймагы көрсөтүп тургандай Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан башталганын жана ошол жерден тажик аскер кызматкерлери Кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытышканын билдирген.
Өз кезегинде тажик тарап өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин унааларга таш ыргытууга тиешеси жок экенин белгилеген. Тажик тараптын айтымында, алар белгисиз жарандар болгон жана аларды издөө иштери жүрүп жатат.
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл аракеттерге жол бербөө тууралуу жана ошону менен бирге тараптар мамлекеттик чек араны чек ара кезметинин штаттык бирдиги менен кайтарууну макулдашышты.
11-мартта саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу.