Быйыл дыйкандарда суу көйгөйү жаралбайбы? Суу ресурстары агенттигинин директору менен маек

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылы өлкөдө дан эгиндеринин түшүмү 2020-жылга салыштырмалуу аз болгон. Ага жай айларындагы ысык аба ырайы жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги себеп болгон. Быйыл сугат иштеринде даярдыктар кандай, көйгөй жаралбайбы деген суроо менен суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеевге кайрылып, маектештик.

- Быйыл өлкөдө жаан-чачындын саны аз болду. Мындан улам суу тартыштыгы жаралуу коркунучу жаралбайбы?

- Биринчиден, каналдарды тазалоо зарыл. Анткени алардын 50-30 пайызы толуп калгандары бар. Агенттиктин карамагындагы каналдарды тазалап, даярдап жатабыз. Ал эми ички чарба каналдарын жергиликтүү бийликтегилер тазалап жатышат. Мында биринчи суунун сыйымдуулугун көбөйтөбүз, экинчиден ашыкча суунун кетүүсүнө бөгөт коёбуз.

Эң негизгиси каналдарды тазалап, ным топтоп койсок көйгөйлөрдөн чыгып кетебиз.

Суу былтыркы жылдагы нормадан жогору. Март айында дагы жаан-чачын көп болсо, көйгөйлөр жаралбашына ишенип турабыз.

- Сугат көйгөйүн алдын алуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат?

- Былтыр жаан аз жаагандыктан ным болгон жок. Жердин баары кургап, нымдуулугу өтө төмөн болуп көйгөй жаралган. 10-майда каналдарга сууну бергенде суу акпай койгон. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүү үчүн сугат иштери аяктаары менен 2021-жылдын ноябрь айынан баштап нымдуулукту топтоо иштерин баштаганбыз, тактап айтканда, айдоо иштеринин астында сугардык. Азыр көп жылдык чөптөрдү, бактарды сугарып жатабыз.

Эки айдын ичинде, тагыраагы январь, февралда өлкө боюнча жалпы 5 миң гектар жерди сугарганбыз. Бул өзгөчөлүк болду. Анткени буга чейин эч качан кышында сугарчу эмеспиз. Азыр республика боюнча 13 миң гектар жер сугарылды. План боюнча майга чейин 200 миң гектар жерди сугарып койсок, чоң көйгөй болбойт деп турабыз. Быйыл сугат көйгөйү жаралбайт деп ишенебиз. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу (мурун март айында башталчу) жазгы сугат иштерине даярдык эрте башталды.

- Сугат иштеринде тамчылатма сугаруу системасын жайылтуу боюнча иштер канчалык деңгээлде жүрүүдө?

- Биздин агенттик тамчылатма сугаруу системаларды койбойт. Бирок фермерлерге шарт түзүп берип жатабыз. Бүгүнкү күнү "Айыл банк" аркылуу тамчылатма сугаруу системасына 200 миллион сом бөлүндү. Насыя 4 пайыз менен берилет. Ошондо системанын аппараттарын фермерлер өздөрү сатып алып коюшу керек.

- 2022-жылы сугат суу маселесинде көйгөйлөрдү болтурбоо максатында өкмөт ирригацияны оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп берген болчу. Учурда кандай иштер аткарылып жатат?

- Быйылкы жылдын даярдыгына деп бөлүнгөн 1 миллиарддын 100 миллион сомун 2021-жылдын ноябрь айында берилген. Анын негизинде каналдарды тазалап, насостук агрегаттарды сатып алып, кээ бирин оңдоп жаттык. Азыр январь айында 162 миллион 700 миң сом бөлүндү. Жалпы 1 миллиард сом жылдын ичинде берилет. Акча азыр бар, өз кезеги менен каражат берилип турат. Суу бергенге чейин даярдык иштери бүтөт. Андан кийин деле оңдоп-түзөө иштери жүрө берет.

- Буга чейин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл өлкөдө тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгара турган завод курула турганын маалымдаган эле. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

- Бүгүнкү күндө бул боюнча компаниялар иштерди жүргүзүп жатат. Буюрса, быйыл тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгара турган завод ачылат.

- Сугат көйгөйү кайсы облуста өтө орчундуу?

- Бизде ар бир облуста көйгөйлөр бар. Бул каналдардын эң акыркы аймагында жайгашкан жерлерде болот. Мисалы, Чүй облусунда Батыш Чоң Чүй каналы 142 чакырым. Ошонун эң акыркы аймагында, тагыраагы Панфилов жайында жылына көйгөй жаралып турат. 2-3 күндө ал жакка суу беребиз. Ным топтоо үчүн. Сокулукта дагы көйгөй бар.

Мындан тышкары ар бир облуста өзүнө тиешелүү ар кандай сугат көйгөйлөрү бар. Чечүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз.

- Жогоруда көйгөйлөрдү санап өтпөдүңүзбү. Эми бул көйгөйлөрдүн толук кандуу чечүү жолдору барбы?

- Көйгөйдү 100 пайыз чечебиз десек суу сактагычтарды курушубуз керек. Бүгүнкү күндө суу сактагычтардан болгону 260 миң гектар жерге үзгүлтүксүз суу бере алабыз. Калган 750 миң гектардыкы аба ырайына карап калабыз.

Быйыл 3 суу сактагыч курулушун баштайбыз. Алар Ысык-Көл облусуна 1, Нарынга 2 суу сактагыч. Андан тышкары Чүй облусуна 3 суу сактагычтын курулушун баштайлы деп турабыз. Курулуш иштери башталса, 2-3 жылда бүтөт. Башка облустарга дагы суу сактагыч куруу боюнча долбоорлорду жазып жатабыз. Көп суу сактагычтарды куруп, кышы менен суу толтуруп, жайында сууну берсек көйгөй жаралбайт эле.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан