Сүлүктүдө милиция кызматкерлери мечиттерге барып, жарандарга ысырапкерчилик боюнча маалымат беришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришет.
Маалыматка ылайык, Сүлүктү ШИИБинин милиция кызматкерлери шаардагы жума намазы окула турган мечиттерде жарандар менен жолугушуп, президенттин каада-салт, үрп-адаттарды колдонуудагы ысырапкерчиликти жоюу боюнча чыгарган жарлыгы жөнүндө кенен маалымат беришти.
Жума намазына келген аксакалдар, шаар тургундары бул жарлыкты туура деп колдошуп, ашыкча чыгым шаар тургундарын экономикалыкжана социалдык жактан зыянга учураткандыгын, ар бир шаар тургундарына жеткирүүсү керек экендигин билдиришти.