Кочкордо асынып алган мугалим бир жума мурун жумуштан өз арызы менен кеткен

Кочкордо асынып алган мугалим бир жума мурун жумуштан өз арызы менен кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турсунбек Бактыгулов билдирди.

“Маркум 4-мартта эле арызын жазып, жумуштан чыгып кеткен экен. Окуя өз үйүндө болгон, ага биздин эч кандай тиешебиз жок. Ал эми каза болордон мурун мектеп директору менен урушкан деген маалымат калп. Диплому жасалма деп суракка чакырылганы боюнча менде маалымат жок”, - деди Бактыгулов.

Буга чейин Кочкор районунда башталгыч класстарга сабак берген мугалим асынып алганы кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал каза болордон мурун прокуратурага сурак берип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан