"Кум шекер 10-15 сомго, эт 20 сомго чейин кымбаттады". Доллардын жогорулашы базардагы азык-түлүктүн бааларына тийгизген таасири (фото)

Өлкөдө акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 106 сом 50 тыйындан сатылып жатат. Доллардын кымбатташы базардагы баага да таасир этүүдө. Буга байланыштуу азык-түлүктүн базардагы бааларына кызыгып, "Ош базарында" соода кылган соодагерлерди кепке тарттык.

Базардагы соодагерлердин айрымдары азык-түлүктүн баасы бир топ кымбаттаганын айтса, кээ бири учурда баа туруктуу экендигин билдиришти.

Базарда жашылча-жемиштерди саткан сатуучу Гүлзат Айбекова ал сатып жаткан товарлардын баасы кымбаттаганын айтты.

Акыркы жумада жашылча-жемиштердин баасы кымбаттап, 20-30 сомго көтөрүлдү. Мисалы, бир жума мурун банандын баасы 120 сом болсо, азыр 150 сом. Ошондой эле мандарин 10 сомго, алма 5-10 сом, ананас 30-50 сом, анар жана жүзүм 30 сомго кымбаттады”, - деди ал.

Учурда өсүмдүк майынын баасы кымбаттап жатат. Буга чейин 5 литр майды 600 сомдон сатсак, азыр 700-710 сомдон сатып жатабыз. Ал эми 1-сорттогу ундун баасы 1700 сомдон, 1 жума мурун 1650 сомдон болчу. Кум шекердин баасы 75 сомдон 85 сомго, 1 литр сүт 5-10 сом, пияз 5 сом, жылкы жана кой эти 20 сом, жумуртканын 1 даанасы 1 сомго кымбаттады. Ал эми картошка, сарымсак жана сабиз туруктуу баада сатылып жатат”, - деп билдиришти соодагерлер.

Ал эми момпосуй, таттуу саткан сатуучу Алик Акматов учурда товарлардын баасы бир топ кымбаттаганын билдирди.

Башка товарлар сыяктуу эле момпосуйдун баалары да көтөрүлдү. Мисалы, мурун Казакстандан “Вечер” деген шоколады 180 сомдон келсе, азыр 235 сомдон келет. Учурда бул таттуунун 1 килограммын 250 сомдон сатып жатабыз. Чындыгында, биздин өлкөдө гана эмес, Казакстанда, Украинада да азык-түлүктүн баалары кымбаттап жатат. Товарлардын баасы мынтип кымбаттай берсе, баарыбызга эле кыйын болот”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан