Улуу Британиянын өкмөтү Мамлекеттик Думанын 386 депутатына санкция киргизди

Улуу Британия Мамлекеттик Думанын 386 депутатына Орусиянын Украинадагы атайын операциясын колдогондугу үчүн санкция киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, депутаттарга чектөөлөр 11-мартта Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс тарабынан киргизилген.

"Жаңы санкциялар тизмедеги адамдардын Улуу Британияга баруусуна, Улуу Британиядагы активдерине кирүүгө жана бул жерде бизнес жүргүзүүгө жол бербейт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан