Сокулукта 17 жашар кыздын зордукталышы. Шектүүнүн үй-бүлөсү айылга кайра көчүп барышты

Сокулукта 17 жашар кыз зордукталгандан кийин анын үй-бүлөсү ак сакалдар кеңешинин чечими менен айылдан көчүрүлгөн үй-бүлө кайра кайтып барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу кыздын жакындары билдиришти.

"Алар мыйзамга таянып көчүп келип алышты. Айыл элинен, аксакалдар кеңешинен кечирим сурашты. Эки жолу түлө өткөрүп, бирок айылдагылар барышкан жок. Бизге 3-4 жолу тосмо арыз жазып берүүнү суранып келишти. Биз макул болбой, аягында үйдөн кууп чыктык", - деди жабырлануучу кыздын жакындары.

Буга чейин шектүүнүн туугандары айылдан көчүп кеткенин SUPER.KG порталына айыл тургундарынын бири билдирген. Көп өтпөй эле порталыбызга шектүүнүн жакын тууганы үй-бүлө Бишкекке көчүп келгендигин айткан.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене "зордуктоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан