Кочкордо асынып алган мугалимдин окуясы: Башкы прокуратура окутуучунун диплому жасалма экенин маалымдады

Нарын облусунун Кочкор районунда башталгыч класстарга сабак берген мугалим асынып алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал каза болордон мурун прокуратурага сурак берип келгени кабарланган.

Башкы прокуратурадан окуя боюнча төмөндөгүдөй билдирүү жасашты. Андагы маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан райондук билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы, билим берүү жана башка мыйзамдардын аткарылышына пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө, мугалимдердин жогорку билими тууралуу дипломдору да кошо каралды. Ак-Чий орто мектебинин 2 мугалиминин дипломдору шек жаратып, аныктыгын тактоо максатында тийиштүү жогорку окуу жайларга суроо кат жиберилген.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен райондук прокуратурага берген маалыматына ылайык, Ак-Чий орто мектебинин башталгыч классынын Ч.Г. аттуу мугалимине “Окутуучу" квалификациясы ыйгарылгандыгы тууралуу диплом берилген эмес.

Буга байланыштуу 4-мартта саат 11:00дө райондук прокуратуранын тергөөчүсү Ч.Г.дан диплому тууралуу түшүндүрмө берүүнү сураган. Мугалим университетине өзү барып, такташып, 9-март күнү түшүндүрмө берүүсүн суранып, чыгып кеткен. Ошол бойдон Ч.Г. прокуратурага кайра келген эмес.

Ч.Н`нын жогорку билими тууралуу диплому жасалма экендиги боюнча факты каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан