Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда унаалардын каттамына чектөө киргизилди

Жалал-Абадда Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолуна унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 10-мартта саат 12:50 чамасында Чаткал районунун Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун болжол менен 70-75-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) жалпы көлөмү 395 миң 200 метр куб кар көчкү түшкөн. Саат 23:00дө жол бир тараптуу ачылган.
"Тазалоо иштери бүгүн да улантылып 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00дө убактылуу токтотулду. Аталган унаа жолдо абал турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан