Өлкөдө ун жана буудай боюнча кооптонууга эч кандай негиз жок. Мындай пикирин бүгүн, 12-мартта маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
“2021-жылдын 21-августунда биз унду кайра иштете турган 15 мекеме менен үч тараптуу келишим түзгөнбүз. Анда биз чет жактан сатылып келинип жаткан азыктык буудайдын кошумча нарк салыгын нөлгө түшүргөнбүз. Келишимде белгиленгендей, ар бир компания өзүнүн кампаларында 2 миң тоннадан кем эмес азыктык буудайды сактайт. Бүгүнкү күндө мындай компаниялардын саны 31ге жетти. Анда 5 миңден ашуун жумушчу орун бар. Эсептесек, учурда 60 миң тоннадан ашык буудай кампаларда турат. Буудай жана ун боюнча бүгүнкү күндө эч кандай кооптонууга негиз жок”, - дейт Аскарбек Жаныбеков.