Семетей Султанов КРнын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды
Бүгүн КРнын Футбол федерациясынын Х конференциясында Семетей Султанов КРнын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Мурда бул кызматта Айбек Алымбаев иштеп келген. Белгилүү болгондой, КРнын Футбол федерациясынын вице-президенттери болуп Аскар Салымбеков, Өмүрбек Кутуев, Гуламжан Анарбаев жана Азатбек Шаилдабеков бекитилди. Ал эми Абдыгул Чотбаев, Таирбек Чойбеков, Мурат Исмаилов, Айгерим Сабралиева, Медербек
Сыдыков
жана Азатбек Шаилдабеков аталган федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү болуп дайындалышты.