Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандарга жеңилдиктер берилет

Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандарга жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"Дыйкандарга сапаттуу үрөндү сатып алууга жана себүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом акча бөлүнгөн. Ал каражатка Орусия өлкөсү менен 16 миң тоннага келишим түзүлүп, акчалары төлөндү. Бүгүнкү күндө түштүк аймакта бир аз эле көлөмдү эсепке албаганда толугу менен бардык дыйкандар алып септи. Ал эми калган аймактар суроо-талаптарына жараша үрөндөрдү алып жатышат. Ошондой эле Орусиядан келген арпанын биринчи репродукциясы 47 сом, ал эми элита үрөнү 53 сомду түзөт. Ал эми жеке каражаттарына алып келген жеке компаниялардагы үрөндүн баалары да дал ушундай. Ушул эле үрөндөрдү дыйкандарга 4,5 пайыз менен күрөөсү жок 2 жылдык мөөнөткө берип жатабыз. Мындан тышкары Казакстандан 1 миң тонна үрөн жардам катары келди" - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан