Кыргыз өлкөсү өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздай алабы? Министрдин жообу

Өлкө өзүн сүт, картошка, жашылча менен гана толук камсыздай алат. Ал эми азык-түлүктүн башка түрлөрү боюнча көйгөйлөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин баалоо максатында эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү аныкталган. Аларга сүт жана сүт азыктары, картошка, жашылча, жер-жемиш, дан азыктары, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары, жумуртка жана кант кирет.

"Азыктык буудай жана кумшекер менен өзүбүздү 2024-жылга чейин толук камсыз кыла алабыз. Быйыл 14 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилет деп болжолдоп жатабыз. Ал эми өсүмдүк майы боюнча өлкөдө чоң көйгөй бар, 4 жылдын ичинде гана өзүбүздү камсыздай алабыз", - деди ал.

Ошондой эле министр белгилегендей, жумуртка, буудай жана ун - Казакстан менен Орусия, жашылча-жемиштер - Өзбекстан менен Казакстандан импорттолуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан