Базарга сапар: Доллар менен кошо баасы асмандаган азык-түлүктөн сүрөт баян

Соңку күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп, сомдун курсу түшкөнүнө байланыштуу базарларда азык-түлүктүн баасы дагы кымбаттады.

Буга байланыштуу базардын азык-түлүк бөлүгүндөгү сооданын жүрүшү менен таанышып, соодагерлер жана алармандар менен баарлашып келдик.

Соодагерлер соңку күндөрү негизги колдонуудагы азык-түлүктөрдүн баасы кескин көтөрүлгөнүн айтышат.

Ал эми базарга соода кылганы баргандар азыктар дагы кымбаттай электе көбүрөөк алып коюуга ашыгып жатышканын билдиришти.

Азык-түлүктүн баасындагы соңку күндөрдөгү өзгөрүү:

Жакынкы эле күндөрү ундун мүшөгү 200-250 сомго кымбаттаган.

Майдын литрине 10-15 сом кошулган.

Кумшекердин килограммы кечээ, 11-мартта эле дароо 20 сомго көтөрүлгөн.

Касапчылар жакынкы күндөрү эле эттин баасына 30 сомдой кошулганын айтышат.

Ал эми нан саткандар азырынча баа кармалып турганын, бирок эртеңден баштап нандардын дагы баасы көтөрүлөрүн, анткени ундун баасы өскөнүн айтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан