Улуттук банк өлкөдөн доллар алып чыгууга тыюу салды

Өлкөнүн аймагынан нак доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, мындай чечим өлкөдөгү экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

"Өлкөдөгү коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга 11-март күнү саат 17:30дан тартып, долларды накталай өлкө аймагынан алып чыгууга убактылуу тыюу салынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан